Жаңылыктар
Экономиканы өргө тарткан экспорт
Кыргызстан жаңылыктары
Экономиканы өргө тарткан экспорт

Колбаса өндүрүүнүн өзү оңой-олтоң иш эмес. Эң биринчи аракет этти туура жана тазасын тандоодон башталат. Бишкек шаарынын четинде жайгашкан бул цехте эл аралык талапка жооп бере турган азык өндүрүлөт. Ишкана жакын арадан тарта өндүргөн эт азыктарын коңшу Казакстан жана Россиянын базарларына сата баштады.

Өлкөдө экспорттук потенциалы жогору ишканалар ондоп саналат. Былтыр 102 ата мекендик ишкана Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү реестрине кирип, эми уюмдун ичиндеги 5 мамлекетке азык түлүк продукцияларын эч тоскоолдуксуз сата алат. Алардын көбү эт, сүт, бал жана балык азыктарын өндүргөн ишканалар.

Былтыр Кыргызстандын экономикасында 4,5 пайыз өсүш болду. Анын ичинде курулуш сектору 110, өнөр жай 6,9%, кызмат көрсөтүү тармагы 102,9 пайызга өскөн. Экономиканы өргө тартууга экспорт тармагы да чоң өбөлгө болгон. Былтыр өлкө 1 млрд 900 млн долларга товар чыгарып, 2018-жылга караганда өсүү ыргагы 7 пайызды түздү. Кыргызстан өндүргөн продукциясын 15тен ашык мамлекеттерге экспорттойт. Анын негизги бөлүгүн КМШ өлөлөрү, мындан сырткары Кытай, Еврома биримдигине мүчө мамлекеттер бар. Ал эми сыртка экспорттолгон товарлардын көлөмүн аймактарга карата бөлсөк, алдыңкы орундарда Чүй, Ош, Жалал-Абад, андан кийин Ысык-Көл облусу турат. Негизи былтыр экспорттун көлөмү КМШ мамлекеттеринен сырткаркы өлкөлөргө сатылган товардын эсебинен өскөн. Анын ичинен алтындын экспорту 25,4 пайызга жогорулады.

Кыргызстанда экспорттун басымдуу бөлүгүн түзгөн тармактардын бири жеңил өнөр жайы болуп эсептелет. Анын ичинен тигүү тармагы өндүргөн товарлардын 90-95 пайызы сыртка экспорттолот. Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясы учурда көлөмдү көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Өкмөт экспортко багытталган ишканларды колдоо максатында бир катар иш-чарлар планын ишке ашырууда. Маселен, былтыр ишкер субъектилерин текшерүүгө киргизилген мораторийдин жыйынтыгында 2019-жылы бизнес субъектилерин текшерүү 8 эсе азайды. Салыктын төрт түрү боюнча - сатуу салыгынан, киреше салыгынан, жер салыгынан жана өндүрүштүк, экспортко багытталган жана инновациялык ишканаларды ишке киргизүүдө кыймылсыз мүлк салыгынан бошотуу жолу менен экономикалык жана инвестициялык ишмердүүлүктү колдоо уланууда. Былтыр 102 ата мекендик ишканадан сырткары Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү реестрине 37 сыноо лабораториясы кирди. Анын 26сы мамлекеттик болсо, 11 лаборатория - жеке менчик. Мындай аракет биринчи кезекте коңшу мамлекеттерге чыккан товардын көлөмүн көбөйтүп, жалпы өлкөнүн экспорттун дараметин жогорулатууга шарт түзүүдө.