Жаңылыктар
Чагымчылдык кылууга аракет жасаган адам кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чагымчылдык кылууга аракет жасаган адам кармалды

2-мартта Бишкекте өтчү тынчтык митингинде чагымчылдык кылууга аракет жасаган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ар кыл социалдык тармактарда 2020-жылдын 2-мартында өтө турган тынчтык митингинин убагында бийликти күч менен басып алуу тууралуу аудио билдирүү таркатылган.

“Ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери телефон аркылуу бийликти күч менен басып алууга чакырган О.Б. аттуу жаранды кармашкан”,- деп айтылат маалыматта. Буга байланыштуу УКМК тарабынан өлкөдөгү коомдук-саясий абалды курчутуу үчүн провокациялык материалдарды таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК эскерткендей, коомчулукта башаламандыкты жаратуу максатында провокациялык материалдарды тараткандарга карата мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилиги каралган.