Жаңылыктар
Өлкөдөгү асыл тукум чарбалар аттестациядан өткөрүлөт
Айыл чарба
Өлкөдөгү асыл тукум чарбалар аттестациядан өткөрүлөт

Быйыл республикадагы 263 асыл тукум чарбасы аттестациядан өткөрүлөт. Мындай маалыматты Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери Талас шаарында өткөн жыйында маалымдады. 

Андан тышкары өлкө боюнча 109 үрөнчүлүк чарбасы да сынактан өтөт. Аталган министрликтин адистери Таластагы айрым фермерлер менен дыйкан, багбандардын чарбаларын кыдырып, жалпы айыл чарбасындагы маселелер менен жеринде таанышып чыгышты. 

Айыл чарбасын колдоо максатында өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер элет элине тааныштырылды. Анын ичинде айыл чарбасын өнүктүрүүгө бөлүнгөн жеңилдетилген насыялар, гранттар тууралуу маалымат берилди. Мындай колдоо дагы уланаары айтылды.