Жаңылыктар
Салык кызматы 2 айда 11 млрд сом чогултту
Экономика
Салык кызматы 2 айда 11 млрд сом чогултту

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан ушул жылдын январь жана февраль айларында 11 млрд 918,4 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы бүгүн, 2-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, белгиленген план 100,1 %га аткарылды же 15,5 млн сомго ашыгы менен жыйналды.

«2019-жылдын эки айына салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 744,1 млн сомго көп жыйналган же өсүү тепми 106,7 %ды түздү», - деп айтылат маалыматта.