Жаңылыктар
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан насыя берилет
Экономика
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан насыя берилет

Адаттагыдай ар шейшемби сайын “Биринчи радионун” “Күндүн темасы” уктуруусу премьер-министр Темир Сариевдин катышуусунда өтүп, “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишинин башталышы, ипотекалык кредиттердин берилиши” туурасында маек жүрдү. Өз сөзүндө премьер-министр турак жай стандарты иштелип чыкканын айтып, буларга токтолду.

-Өкмөт былтыр “Жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу жана аны сактап калуу” аталышындагы атайын программаны иштеп чыккан. Ошонун негизинде ар бир адамды үй менен камсыз кылуу багытында иш жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө турак жай стандартын иштеп чыктык. Ошого байланыштуу көп маселелер чечилди. Өзгөчө Ошто, Бишкекте, облус борборлорунда турак жай салуу, аларга электр энергиясын, суусун, газын, жылуулукту берүү багытында бир топ иштер жүрүп жатат. Бирок ипотека менен эле көйгөй чечилип калбайт. Кээ бир жарандар өздөрү үй курганга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок курулуш жүргүзө турган жеринде суусу жок же жол салына элек. Болгону аларга шарт түзүп берүү керек. Буга чейин өлкөдөгү көпчүлүк коммерциялык банктар ипотекалык насыяларды берип келген. Бирок алардын үстөк пайызы өтө жогору болуп, берилген мөөнөтү аз жана каражатты АКШ доллары менен берген. Мындан улам, көпчүлүк турак жай алууну каалаган жарандар, каражатын жетиштире албагандыктан мындай шартта насыя алган эмес. Мына ушулардын баарын тең “Жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу жана аны сактап калуу” программасына камтыганбыз.

Башка облусттарга салыштармалуу баш калаа менен Ош шаарында турак жайлар көбүрөк салынат. Себеби, бул шаарларда элдин кетип келген агымы көп. Андан тышкары жарандардын жашоосун жеңилдетүү максатында кыргыз Өкмөтү турак жайга байланыштуу токтом иштеп жатат.

-Бишкек менен Ош шаарында жашай турган имараттар көбүрөк салынат. Анткени бул шаарларга келген элдин агымы көп. Биз үй куруунун стандарттарын карап чыгып, кабаттуу үйлөрдүн бийиктигин көтөрдүк. Ошого байланыштуу техникалык шарттарды түзүп бердик. Мисалы, мурун 9-кабаттан өйдө газ берилчү эмес. Андан тышкары жылуулук берүү борборлорун салуу же ар бир үйгө газ казандарын орнотууга уруксат берип, ысык сууга жана жылуулук алууга электр энергиясына кошулуу шарттарын карап чыгып, бир стандартка келтирип, ушул багытта токтомду токуп жатабыз. Биз буларды ишке ашыруу менен жарандарга бир топ жеңилдиктерди беребиз.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын талаптары боюнча, эң арзаны 12% менен 15 жылга чейин улуттук валютада каражат берилет. Анда турак жай алган жарандар 70кв/м чейинки турак жайларды алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес туруктуу иштеген, баштапкы пайызын төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар жарандар болушу керек. Бул жолу билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында иштегендерге басым жасалат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кийинки этабында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында иштегендер алышат. Буга чейин кыргыз Өкмөтү турак жайды милдетүү түрдө камсыздандырууну 2016-жылдан тарта киргизерин айткан. Бул багытта мыйзам долбоору парламентте былтыр жайында кабыл алынган. Эми 1-февралдан тарта турак жайды камсыздандыруу иштери башталат.

-1-февралдан баштап турак жайды милдеттүү камсыздандыруу иштери башталат. Ар бир үйү бар жаран сөзсүз түрдө милдеттүү камсыздандыруудан өтүш керек. Бул дагы “Жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу жана аны сактап калуу” программасынын ичинде камтылган. Мындан кийин милдеттүү камсыздандыруудан өтпөгөн жарандардын үйлөрү урап, жер көчкү болуп турак жайларын талкалап кетсе же өрт кырсыгы болуп күйүп кетсе, анда аларга мамлекет тарабынан акча берилбейт. Ошондуктан урматтуу кыргызстандыктар, үйүңөрдү милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүп койгула. Айыл жериндегилер айына 50 сомдон төлөгөндө жылына 600 сом төгөт. Эгер кырсык болуп кетсе анда 500 миң сом алып, үйүңдү кайра салып аласың.

Эске салсак, “Биринчи Радионун”“Күндүн темасы” программасы  ар жуманын шейшемби күнү (09:00-10:00) Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариевдин катышуусунда өтөт. Теманын алкагында сурооңуз болсо, эмки шейшембидеги түз эфирде (0312) 39-21-90, 65-66-04 номурларын терип премьер-министрге узатсаңыз болот.