Жаңылыктар
КТРК: Макулдашууга ылайык, Американын 8 мультфильми кыргыз тилине которулат
УТРК жаңылыктары
КТРК: Макулдашууга ылайык, Американын 8 мультфильми кыргыз тилине которулат

Быйылтан тарта КТРКнын “Баластан” балдар каналы америкалык “Жолборс Даниель” мультфильмин кыргыз тилинде көрсөтө баштайт. “Борбор Азия Дизайн хаб” долбоорунун алкагындагы макулдашууга ылайык, көрсөтүүнү которууга укук берген лицензия Коомдук телерадио берүүлөр корпорациясына өткөрүлүп берилди. Салтанаттуу иш-чарага КТРКнын жетекчилиги, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу жана Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы катышты. Долбоордун алкагында жалпы сегиз мультфильм кыргыз тилине которулат. Алардын арасында “Саякатчы Даша”, “Шиммер жана Шайн” жана бүгүнтөн тарта котормого берилген "Жолборс Даниель" мультфильми бар."Биз балдар сүйүп көргөн америкалык сапаттуу анимациялык телекөрсөтүүлөрдү бөлүшүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Биздин Кыргызстандын телеканалдары менен болгон өнөктөштүк мамилебиз кыргыз тилиндеги медиа контентти өнүктүрүүгө жана аларды көбөйтүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз",- деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.