Жаңылыктар
Өкмөт: артыкчылыктуу милдеттер
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт: артыкчылыктуу милдеттер

2020-жылга пландалган артыкчылыктуу милдеттер жыйынтык алып келиши керек. Бул тууралуу Премьер-министр Өкмөттүн биринчи кезектеги иш-аракеттеринин планын аткаруу боюнча кеңешмеде билдирди. Сандан сапатка өтүү. Эгер былтыр өкмөттүн алдында аткарчу 500дөй милдет болсо, быйыл биринчи кезектеги иш-аракеттердин планы 100 милдеттен турат. Аларга 150 иш-чара киргизилген.

Алдыдагы тапшырмалар беш багытта натыйжа алып келүүгө багытталган. Алардын катарында, социалдык тармак, аймактарды өнүктүрүү, миграцияны азайтуу, экономикалык өсүш жана бакубатчылык бар. Бул көрсөткүчтөрдүн көбүн инвесторсуз ишке ашырууга мүмкүн эмес. Фискалдаштыруу системасынын ишке кириши менен ишкерлердин ишмердүүлүгү кыйла жеңилдеди. Бул система көмүскө экономикага бөгөт болот.

Жыйында өкмөт башчы өлкөнүн аймактарында социалдык-экономикалык өнүгүүнү тездетүүнү камсыздоону белгиледи. Кеңешмеде 2020-жылы алдыга коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу менен бирге кабыл алынган стратегияларда жана концепцияларда, өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасында белгиленген тапшырмаларды аткарууну улантуу да айтылды.