Жаңылыктар
Россия Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болду
Саясат
Россия Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болду

Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ортосунда экономикалык алаканы жакшыртуу сыяктуу бир катар маанилүү иш-чаралар белгиленди. Алардын бардыгы ортодогу эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык алаканы бекемдеп, жаңы деңгээлге көтөрүүнү көздөйт. 

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда бир эле социалдык жана маданий байланыштар эмес, бир топ кылымдан берки соода-экономикалык алака бар. Мындай тарыхый байланыш Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин стратегиялык өнөктөштүктү ого бетер күчөттү. Азыр Россия бул биримдиктин ичинде Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү.
Серепчилердин баамында ушул жылы Россиянын башка региондору менен түз экономикалык алаканы чыңдоого чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстан негизинен бул өлкөгө айыл чарба продукцияларын, руда жана текстиль жөнөтөт. Кайра тамак-аш менен мунайзаттарын алат. Ушул жагынан алганда деле Кыргызстан түз инвестицияларды тартып, ишкерлерди кызыктыра алат.
Азыр Кыргызстанда бир топ инвестициялык долбоорлор ишке ашты. Мисалы "Газпром" Кыргызстанда газ түтүктөрүн тартып, бир топ социалдык объектилерди курууда. Орусияны ошондой эле Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол курулушуна, КАСА -1000 долбоорунун электр линиясын тургузууга тартса болот. Ушул жылы Кыргызстандын инвестициялык жактан жагымдуулугун арттыруу максатында россия тарап Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги демилгелеген бизнес-форумдар менен конференцияларды өткөрүү иш-чарасын колдоду.
 Былтыркы жыл эки өлкөнүн алакасы үчүн жемиштүү болду. Маанилүү макулдашууларга кол коюлду. Эки тарапка тең пайдалуу боло турган соода-экономикалык, инвестициялык долбоорлор жактырылды. Эми быйылкы эриш-аркак жылында дагы натыйжа андан мыкты болушу керек. Анткени дал ушул жылы кызматташууга эки тарап тең терең маани берип, ортодогу тоскоолдуктар жок болушуна кам көрүүдө.