Жаңылыктар
Жол курулушунун ыргагы
Кыргызстан жаңылыктары
Жол курулушунун ыргагы

Өлкө аймагында республикалык маанидеги жана ички жолдордун курулушу уланууда. Былтыр бюджеттен бөлүнгөн каражатка 335 чакырым жол салынса, Транспорт жана жолдор министрлиги быйыл дагы ушундай эле аралыктагы жол курууну көздөп жатат.

Бишкек - Кара-Балта жолу быйыл толук курулуп бүтүп ишке берилет. Бүгүнкү күндө жумуштун теңинен көбү аяктап, иштер Беловодск шаарынын аймагында, 41-чакырымда жүрүп жатат. Долбоордун жалпы суммасы 120 млн доллар деп эсептелип, анын 100 миллионун Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн. Калганы республикалык бюджеттин каражаты. 

Учурда республикалык маанидеги түндүк түштүк альтернативдик жолунун курулушу уланууда. Анын жалпы узундугу 433 чакырым. Каржы маселеси толугу менен чечилген. Быйыл жалпы трассанын Казармандан Аралга чейинки бөлүгүн бүткөрүү мерчемделүүдө. 

Республикалык мааниге ээ болгон жолдордон Талас - Тараз - Суусамыр жолунун курулушу 97 пайызга бүткөн. Быйыл 3 пайызы бүткөрүлөт. Мындан сырткары жалпы узундугу 70 чакырымды түзгөн Жалал-Абад - Маданият жолунун 20 чакырымы быйыл салынмакчы. Транспорт жана жолдор министрлиги президенттин жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 чакырымдан жол куруп туруу тапшырмасынын үстүнөн да жигердүү иштеп жатат. 

Былтыр жол курулуштарына республикалык бюджеттен 3 млрд 900 млн сом бөлүнгөн. Быйыл дагы жол тармагына бериле турган каражаттын көлөмү болжол менен мына ушундай сумманы түзөт. Мындан сырткары ички жана республикалык маанидеги автожолдор эл аралык донорлордун каражатына да курулууда. бюджеттен 3 млрд 900 млн сом бөлүнгөн. Быйыл дагы жол тармагына бериле турган каражаттын көлөмү болжол менен мына ушундай сумманы түзөт.