Жаңылыктар
Бишкектеги ички жолдордун абалы
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги ички жолдордун абалы

Ордо калаада жылдан жылга жол оңдоо иштери арбып, борбордук көчөлөрдүн дээрлик бардыгы асфальтталууда. Бишкектин капиталдык курулуш башкармалыгы быйыл дагы жылдагыга караганда оңдоло турган жолдордун санын көбөйттү. Күндүн жылышы менен ремонт иштери башталса, бул ирет ички жолдорго өзгөчө көңүл бурулат. 

Бул Бишкектеги Месарош көчөсү. Кар ээриген сайын жогору жактан сарыгып келген суу, жол чекесиндеги арык курулуп бүтпөй калгандыктан дал ушул жерге келгенде жолго жайылат. Жолдогу ылай жылып отуруп, арык да толуп калган. 

Чындыгында бул көчөдөн унаа эле эмес, жөө жүргүнчүлөргө да өтүү кыйынчылык жаралат. 3 жыл мурда жол салып беребиз деп салып кеткен тротуарлардын ичине деле топурак гана толтурулган. Жамгыр жааган сайын бутка баткак илешип, жолдун басаарга жери жок.

Жергиликтүү тургундардын айтымында кезегинде бул жолду калыбына келтирүү иши “Кыргыз курулуш” компаниясына берилген экен. Бирок 2018-жылы бир кат жука гана асфальт төшөп койгондуктан, оор жүк ташуучу унааларга туруштук берген эмес.

Жолду курууга милдеттендирилген компания эмнегедир ошо бойдон жолдун абалынан кабар алган эмес. Ошону менен ортодогу 2019-жылы көчө ушундай абалга кептелген. Жергиликтүүлөр маалымат каражаттарына кайрылгандан кийин гана 15 күндөн кийин ишти баштап, 2 ай аралыгында толук бүткөрөбүз деп убада кылышты. Берилген убадалар убагында жүрүп жаткандыгын "Ала Тоо 24" каналы көзөмөлгө алаарын айта кетели.

Мындай жагдайдан улам, Бишкек мэриясы быйыл шаардын ички жолдоруна өзгөчө көңүл бурууга бел байлап жатат. Былтыр шаардын ичинде 35 чакырым жол оңдолгон болсо, быйыл 40 чакырым жолду капиталдык ремонттон өткөрүү пландалууда.