Жаңылыктар
Билим берүү мекемелерин жаңылоо
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүү мекемелерин жаңылоо

Бишкек шаардык мэриясы ордо калаадагы билим берүү мекемелеринин капиталдык оңдоп-түзөө иштерине жүз миллион сомдой каражат бөлгөнү жатат. 85 имаратка мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус коюлат. Бул иштердин баары шаардык казынанын эсебинен аткарылчу жумуштар.

Баш калаадагы №19 мектеп 520 орунга ылайыкталып курулганына карабай, учурда миңден ашык окуучу билим алууда. Маселени чечүү максатында бул мектепке каражат каралган. Ушул тапта кошумча корпустун курулушу жүрүп жатат. Анда 8 бөлмө, китепкана, хореографиялык зал жана информатика бөлмөсү орун алат. Курулуштун наркы 45 миллион сом, анын ичине керектүү техника жана эмерек менен толук кандуу камсыздоо кошо каралган.