Жаңылыктар
Башаламандык менен коштолгон митинг
Кыргызстан жаңылыктары
Башаламандык менен коштолгон митинг

Дүйнөгө жайылып жаткан коронавирустан улам “эл көп топтолгон жерге барбагыла” деген Саламаттыкты сактоо министрлигинин эскертүүсүнө карабай, борбор калаада тынчтык митинги өттү. Жыйын башаламандык менен коштолуп, унаалар талкаланып, айнектер сынганын Ички иштер министрлиги билдирүүдө.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтына күндүзгү он экилер чамасында адамдар топтоло баштады. Чогулгандар абактагы мурдагы депутат Садыр Жапаровдун иши кайра каралып, анын бошотулушун талап кылууда. Бирок митинг баштала электе ызы чуу орун алды. Колдоруна башка маанидеги ураандарды көтөргөндөр менен кагылышуу орун алды.
Митингди уюштуруучулар күн мурунтан жыйын тынчтык жолу менен өтөрүн айтып жатышкан. Убакыт түштөн ооп калса да келгендердин саны азайган да, көбөйгөн да жок. Тараптар кезек алып сөз сүйлөп жатышты. Ортодо музыкалык тыныгуу да болуп жатты. 

Кечки саат алтылар чамасында "Ала-Тоо" аянтына чогулгандар Жогорку Кеңештин имаратын көздөй бет алышты. Ортодо тартип сакчыларын жарып өткөндө гана аларды күч менен таратуу аракети көрүлдү. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алгач борбордук аянтты тазалап, андан соң митингчилерди Киев, Орозбеков көчөлөрүнө чейин сүрүп барышты.

Учурда милиция кызматкерлери аянтта коомдук тартипке көзөмөлдүк кылууда. Ичик иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык митингчилер тартипти бузуп, унаалар өткөн жолду жапканы үчүн таратылган. Канча адам кармалганы тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.