Жаңылыктар
ЖЭБди модернизациялоого байланышкан кылмыш иши каралууда
Кылмыш
ЖЭБди модернизациялоого байланышкан кылмыш иши каралууда

Бишкек шаардык сотунун өндүрүшүндө Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланышкан кылмыш иши каралып жатат. 

Соттук коллегия өтүнүчтөрдү кароого өттү. Жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу, отурум 4-мартка жылдырылды. ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча былтыр Свердлов райондук соту Сапар Исаков менен Айбек Калиевди 15 жылга кескен. Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. 

Мурдагы аткаминерлердин жактоочулары Свердлов райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылып, экинчи инстанциядагы сот ишти карап жатат.