Жаңылыктар
Жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Талип Ибраимов каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Талип Ибраимов каза болду

Жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Талип Ибраимов 76 жашында каза болду. Сценарист Талип Ибраимов 1940-жылы 27-декабрда Калинин районунун Сары-Булак айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин, Москвадагы сценаристтер жана режиссерлордун жогорку курсунан окуп келген. 

Бүгүнкү күнгө чейин, тагыраагы 30 жылдан ашуун Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын башкы редакторлугун аркалаган. Кыргызстан Кино академиясынын академиги жана кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Талип Ибраимов пенсияга чыккандан кийин чыгарма да жазган. 

Анын “Чал жана периште” аттуу повести 2006-жылы эл аралык “Русская премия” сынагынын лауреаты болгон. Маркум Талип Ибраимовду узатуу кечеси “Кыргызфильм” киностудиясында 27-май күнү эртең мененки саат 10до болот. Кинематография департаментинин билдирүүсү боюнча маркумдун сөөгү Чоң-Арыктагы көрүстөнгө коюлат.