Жаңылыктар
ИИМ: коомдук тартип бузгандар боюнча тиешелүү ыкчам иш-аракеттер жүрүүдө
Кырсык
ИИМ: коомдук тартип бузгандар боюнча тиешелүү ыкчам иш-аракеттер жүрүүдө

Кечээ, 2-мартта Ала-Тоо аянтында өткөн митингдин аягында массалык баш аламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилген. Алардын 162си менен тактоо аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, койо берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык баш аламандыктар) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 

Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка алынды. Мындан тышкары массалык баш аламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.