Жаңылыктар
Митинг: оор жаракат алгандар болгон жок
Саясат
Митинг: оор жаракат алгандар болгон жок

Кечээ 2-мартта, Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында тынчтык митинги өттү. Митинг абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо максатында болду. Келгендердин дагы башка талаптары да болгону митингдин жүрүшүндө айтылды. Анын жүрүшүндө, президенттин аппаратында Садыр Жапаровду колдогон тынчтык митингдин катышуучулары менен жолугушуу болду. Анда митингчилердин талаптары угулуп, жарандардын кабыл алууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдар боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Митингдин резолюциясы келгенден кийин ал президенттин аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүндө карала турганы белгиленди.

Тынчтык митингинин катышуучулары кабыл алынган чечимдерге макул болбой башаламандык менен Ак үйдү көздөй бет алган. Алар тартип сакчыларына таш ыргытып баштаганда, милиция кызматкерлери күч менен митингчилерди таркатууга мажбур болушкан. Бактыга жараша эч ким оор жаракат алган эмес. Ал эми саясат талдоочулардын пикиринде, элдин койгон талаптарын бийлик обьективдүү көрүнүш катары эске алып, маселе оң жагына чечилеринен үмүт артышыбыз керек дешүүдө.

Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”