Жаңылыктар
Бүгүн мамлекеттик Туу күнү белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн мамлекеттик Туу күнү белгиленүүдө

1992-жылы 3-мартта эгемендүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу кабыл алынган. Көз карандысыздыктын сиволу болуп саналган- Мамлекеттик Тууну аздектөө, ага карата сыймыктануу сезимин калыптандыруу өтө маанилүү экенин мекендештер белгилөөдө.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу, эрктүү элдин, өз алдынча мамлекеттүүлүгүнүн ыйык символу катары, бийикте түбөлүккө желбиреп турсун. Анан да аны эл аралык деңгээлде сыймык менен көтөрүп турган намыска жараган спортчулар, өнөр адамдары чыгып, сыймыгыбыз арта берсин деген ийги тилек билдирели.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”