Жаңылыктар
Абылгазиев: пландар сөз боюнча калбай, аткарылышы керек
Саясат
Абылгазиев: пландар сөз боюнча калбай, аткарылышы керек

2020-жылга пландалган артыкчылыктуу милдеттер сөз боюнча калбай, жыйынтыкталып келиши керек.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылга карата өкмөттүн иш-аракеттер планын аткаруу боюнча кеңешмеде билдирди. 

Негизги максат, калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталып, эмгек акыларды, жөлөк пулдарды, пенсияларды көбөйтүү, үй-бүлө институтун жана балдарды коргоо, жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Гүлнур Сманбекова, "Биринчи радио"