Жаңылыктар
Россия менен Түркиянын өлкө башчылары Москвада жолугушат
Дүйнө
Россия менен Түркиянын өлкө башчылары Москвада жолугушат

Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоган 5-мартта Москвада жолугушат. 

Бул тууралуу Кремль менен Түркия президентинин администрациясы билдирди. Жолугушууда эки өлкөнүн башчылары Сириянын Идлиб аймагындагы абал талкууланат деп айтылат маалыматта. Маалым болгондой, аталган аймакта түрк аскерлери менен Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн ортосундагы куралдуу кагылышуулар уланып келет. 

2018-жылдын сентябрь айында эки өлкөнүн лидерлери бул провинциядагы атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок Башар Асаддын армиясы былтыр Идлибге кайрадан сокку уруп, Түркиянын көзөмөл пункттарына ок тийип, бир нече түрк аскери курман болгон. Буга жооп катары Анкара Идлибге Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө сокку урган.