Жаңылыктар
Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө

Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө. Бул датага арналган салтанаттуу иш-чара бүгүн борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында өттү. Өлкөнүн мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому менен бекитилген.

Өлкөнүн мамлекеттик туусу жарым жылга жакын убакытта жасалып атайын токтом менен бекитилген. Туунун авторлорунун бири сүрөтчү Жусуп Матаев болгон. Ал 1991-92 жылдары өлкөнүн башкы желегин жасоо боюнча атайын сынак жарыяланып, ага ондогон сүйрөтчүлөр катышканын эстеди.

91-жылдары конкурс жарыячланган, желек герби кабыл алуу боюнча. размери бюар болчу, ар бирибиз бжибергенбиз. 500-600дон ашык Г Айтиев аььтындагы музейде ачылган экен, ошол жерге коргозмого коюлуп, легендарный парламенттен комиссия тузулуп карашкан. Экен. Экоо кок, бироо кызыл. 5 киши болдук. 92-жылы январда ошол убакта казат акматов торага экен, ошолор алып келди. силерге тундук калсын, кок тусто болуп атат, дуйнолук денгээлдеги деген. Ошондо задание берди, анан балдар менен кенешин ошну енен иштелип отуруп мартта кабыл алынган.

Туунун авторлору беш киши болушкан. Жусуп Матаевден сырткары авторлор тобуна Эдиль Айдарбеков, Маматбек Сыдыков, Бекбосун Жайчыбеков жана Сабыр Иптаров кирген. Желектин ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, анын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорунун бири болгон мамлекеттик туунун туулган күнү. Мындан 28 жыл мурун, тактап айтканда 1992-жылдын 3-мартында мамлекеттик туу КРнын Жогорку Советинин атайын токтому менен бекитилген. Мына ошол күндөн тартып өлкөдө желек күнү салтанаттуу түрдө белгиленип келет.

Желек күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара борбордук “Ала-Тоо” аянтында уюштурулуп, ага Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин жетекчилиги жана калаа тургундары катышты. Мэр Азиз Суракматов шаар тургундарын жана меймандарды майрамы менен куттуктады.