Жаңылыктар
Нарын районунда айымдардан куралган топ чакан тигүү цехин иштетүүдө
Аймак
Нарын районунда айымдардан куралган топ чакан тигүү цехин иштетүүдө

Нарын районунун Алыш айылында айымдардан куралган топ чакан тигүү цехин иштетүүдө. Жергиликтүү кыз-келиндер тапшырык менен кийимдердин түрүн чыгарышууда. Алардын эмгеги бир даана кийим үчүн 80 ден 100сомго чейин бааланат.

Бул беш айым айылдын тикмечилери. Алар биригип тигүү цехин ачышкан. Шаардын борборунан анча алыс менен айылда жайгашкандыктан тапшырык бергендердин саны арбын.

Чакан ишкана 2019-жылы ишин баштаган. Демилгелеп, ар бири тигүү машинасын сатып алышат. Ар бир мезгилге шайкеш келген саркеч кийимдин түрлөрү тигилип, Орусияга чейин экспортоло баштады. Ага жараша киреше көлөмү да көбөйдү.
“Үйдө отурганда не кылабыз деп ушу идеаны көтөрүп ишти баштадык. Азыр буйруса жакшы. Эл да көнүп калды. Эки кызыбыз буга чейин Бишкекте иштеп жүрүшкөн. Анан ошолор келип иш баштайлы деп демилге көтөрүп, баштап алдык эле, акырындык менен жылышып кетти ишибиз. Нарындан бери келишип, бизге заказ беришет”, - дейт тигүү цехинин жетекчиси  Элзат Ибраева. 

Бир күндө бир тикмечи ондон ашык буйрутманы бүтүрө алат. Ар бир даана кийим 80ден 100 сомго чейин бааланат.