Жаңылыктар
Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши карала баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши карала баштады

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши карала баштады. Баштапкы соттук жыйынга тергөө абагында отурган шектүүлөр жеткирилди. Алардын бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. 


Бир апта мурда Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишти сотко жөнөтүп, 3-мартта карала баштады. Бул иш өлкө тарыхындагы ири соттук териштирүүлөрдүн бирин толуктады.

Башкы көзөмөл органдын маалыматына ылайык, 14 адамга расмий айып коюлган. Бир нече кылмыш беренелер камтылган иш 88 томдон турат. Айып актысынын өзү 2 том турат. "Айыпталуучулардын баары аны менен таанышкандан кийин ал акт материалдарга тиркелет. Алардын 4 тому купуяланган. Жактоочулардын бир нече том кошулду жана алар эмне тууралуу экенин билбейбиз деп айткандары чындыкка туура келбейт. Ал материалдардын баары соттук териштирүүнүн жүрүшүндө изилденет", - деди мамлекеттик айыптоочу. Ал белгилегендей, соттук отурум ачык же жабык өтөрүн соттук териштирүү башталганда сот чечет.


Кой-Таш окуясына катыштыгы бар беш адам тергөө менен кызматташууга макул болуп, алардын иши өзүнчө каралууда. Буга чейин Алга Кылычов менен Амантур Жамгырчиев тарапташтарына каршы көрсөтмө берип жатканы маалымат каражаттарына жазылган. Кой-Таштагы элдик штабдын жетекчиси Кыяз Смаилов да тергөө менен кызматташууга барган.

2019-жылы жай айларында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Алмазбек Атамбаевди “Батукаев иши” боюнча үч жолу суракка чакырып, бирок ал үчөөндө тең баш тарткан. Өз кезегинде Атамбаев үйүнө тарапташтарын чогултуп алып, бийликке моюн толгоп, мыйзамга баш ийбей койгону коомчулукка белгилүү. Жыйынтыгында 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Кой-Таш окуясынан кийин абалды иликтеген мамлекеттик комиссия түзүлүп, комиссия мүчөлөрү Кой-Таш айылынын жашоочулары, кагылышууга күбө болгон тараптар менен жолугуп, талдоо жүргүзгөн. Соңунда комиссия курамы Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу деген тыянакка келген.