Жаңылыктар
Жерүй: "Бакубат Талас" фондунун ишмердүүлүгү
Кыргызстан жаңылыктары
Жерүй: "Бакубат Талас" фондунун ишмердүүлүгү

 "Бакубат Талас" фонду түптөлгөн күндөн тарта облусту өнүктүрүү үчүн 450 млн сомго чукул каражат бөлгөн. Аталган фонд жергиликтүү социалдык маселелерди чечүү, инфратүзүмдү калыбына келтирүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү багытында иш алып барат. Ал "Жерүй" кенин иштетип жаткан "Алтын Альянс" ишканасынын алдында 2016-жылы негизделген. Кененирээк аймактан Салика Сариеванын материалы.


Талас шаарындагы калкты тейлөөчү ишкана кеңейүү жолунда. Бул комплексти негиздөөчү Роза Исаеванын айтымында, ишкерлигинин илгерилешине жеңилдетилген насыя жардам берүүдө. Ал быйыл «Бакубат Талас» фондунан 8 пайыздык чен менен 2-ирет насыя алууда. Алгачкысын өз убагында төлөп бүттү.


"Жерүй" кенин иштетип жаткан «Алтын Альянс» ишканасынын алдында негизделген «Бакубат Талас» фонду түзүлгөндөн тартып ишкерликти жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыялар берилүүдө.


Ал эми бул имаратта «Нагима апа» бала бакчасы жайгашкан. Жаңы ачылгандыктан, бир топ ремонт иштерине муктаж. Ошол себептен, «Бакубат Талас» фондунан алынган 538 миң сомго балдар аянтчасы талапка ылайык жасалган.

Ал эми калаадагы №5 мектепте миңден ашуун бала билим алат. 1986-жылы пайдаланууга берилген мектеп имараты да бир топ оңдоп-түзөөгө муктаж. Аталган фонддун каржылык колдоосу менен 171 терезе жаңыртылды.

«Бакубат Талас» фондунан бөлүнгөн каражаттар социалдык объектилерди, спорт комплекстерди куруу, ремонттоо, таза суу тутумдарын оңдоо, айыл, шаар инфратүзүмдрүн жакшыртуу, билим берүү, маданий, спорттук иш-чараларды колдоо багыттарына жумшалды. Анын ичинде Республикалык Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 8 млн сомго жакын каражат чегерилген.