Жаңылыктар
Митингдеги терс аракеттер өлкөнүн кадыр баркына да кедергисин тийгизүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Митингдеги терс аракеттер өлкөнүн кадыр баркына да кедергисин тийгизүүдө

Митинг, нааразычылык акцияга чыгып өз укугун билдирүүгө өлкөнүн ар бир жараны укуктуу. Бул ченем Конституция менен да бекемделген. Бирок көпчүлүк учурда митингдер, андагы терс аракеттер мамлекеттин экономикасын артка тартып, өлкөнүн кадыр баркына да кедергисин тийгизип жатат, - дейт саясат таануучулар. 


Эксперттердин пикиринде буга митинг, нааразычылык акцияга чыгуу маданиятынын жоктугу себеп. Мындан улам саясий күчтөр саясий күрөш жүргүзбөстөн адамдарды ар кандай пикет, митингдерге чыгарып пайдаланат. 



Баш мыйзам боюнча ар бир жаран митинг, нааразычылык акцияга чыгып өз пикирин билдирүүгө укуктуу. Бирок дүйнө өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстанда да митинг, пикеттерди өткөрүүнүн мыйзамдары менен тартиптери бар. Саясат таануучулардын пикиринде тилекке каршы өлкөдө нааразычылык акцияларды өткөрүү, саясий күрөш маданияты калыптанган эмес.

Серепчилердин айтымында тынчтык митинги деп коюп чогулгандарды башкара албай калган, башаламандыкка жол берилген, чаржайыт айтылган талаптар, абалдын курчуп мыйзамга каршы келген аракеттердин орун алып жатканын тынчтык митинги деп айтууга ооз барбайт. Мындан улам эксперттер саясатчылар нааразычылык акцияларды өткөрүү маданиятын үйрөнсө деген пикирде. Серепчилердин айтымында адатта митингге чыккан тарап талап кылып жаткан маселени чечүү жолдорун сунуштаган тарап менен диалогго баарлашууга барат.