Жаңылыктар
Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүнө арналган иш-чара "Ала-Тоо" аянтында өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүнө арналган иш-чара "Ала-Тоо" аянтында өттү

Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара бүгүн борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында өттү. Өлкөнүн мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому менен бекитилген.



Өлкөнүн мамлекеттик туусу жарым жылга жакын убакытта жасалып атайын токтом менен бекитилген. Туунун авторлорунун бири сүрөтчү Жусуп Матаев болгон. Ал 1991-92 жылдары өлкөнүн башкы желегин жасоо боюнча атайын сынак жарыяланып, ага ондогон сүйрөтчүлөр катышканын эстеди.


Туунун авторлору беш киши болушкан. Жусуп Матаевден сырткары авторлор тобуна Эдиль Айдарбеков, Маматбек Сыдыков, Бекбосун Жайчыбеков жана Сабыр Иптаров кирген. Желектин ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, анын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар.



Желек күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара борбордук “Ала-Тоо” аянтында уюштурулуп, ага Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин жетекчилиги жана калаа тургундары катышты. Мэр Азиз Суракматов шаар тургундарын жана меймандарды майрамы менен куттуктады.