Жаңылыктар
ЖК: Жасалма паспорттор жаңжалы
Кылмыш
ЖК: Жасалма паспорттор жаңжалы

Парламент Түркияда кыргыз паспорттору менен кармалышкан кытай жарандары жөнүндөгү маселени талкуулады. Депутаттарга мамлекеттик каттоо, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жана Башкы прокуратура, чек ара менен миграция кызматынын өкүлдөрү маалымат берди.

Укук коргоо органдары паспорт жаңжалындагы жаңы жагдайлар ачыкталганын билдирди. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда эл аралык келишимдерге ылайык жасалма паспорттор кандай жол менен даярдалганы иликтенет.

 

Бир аптадан бери ызы-чуу болуп жаткан паспорт жаңжалынын чынжыры четинен чечилип жатат. Кытай жарандары колдонгон 98 жасалма кыргыз паспортун жасаган беш жаран кармалды. Азырынча алар Түркияда. Шектүүлөрдүн баары Кыргызстандын жарандары. 

Мыйзамсыз миграция уюштурду деген кине коюлуп жаткандардын арасында аялдар да болгон. Ал эми жасалма деген паспорттордун түп нускасы ээлеринде. Алдамчылар аларга калп эле лотерея уюштуруп, жеңгендер ажылыкка барат деп убада беришкен.

 

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Учурда укук коргоо органдары техникалык экспертиза жүргүзүү максатында Түркиядан жасалма паспортторду күтүп жатат. Ошондон кийин гана 98 паспорт кандай жана кантип даярдалганы ачык болот. 

Эл өкүлдөрү бул маселе тынчсызданууда. Себеби буга чейин да кыргыз паспорттору менен кармалгандар болгон. Депутаттардын пикиринде жазаны күчөтмөйүн бул аракетке бөгөт коюлбай, Кыргызстандын аброюна доо кетет. 

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да бул демилгени колдой турганын билдирди.