Жаңылыктар
С.Жээнбеков: "Бардык маселелер укуктук талаада чечилет"
Саясат
С.Жээнбеков: "Бардык маселелер укуктук талаада чечилет"

Президент Сооронбай Жээнбеков коомдогу тынчтык баарынан жогору турарын баса белгилеп, бардык маселелер укуктук талаада чечилерин айтты. Ошондой эле ультиматум тили кабыл алынбайт деп так кесе, 3-мартта өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди

Эске сала кетсек, 2-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен анын тарапташтары митингге чыккан. Митинг башаламандык менен коштолуп, келгендер бийликти басып алууга аракет кылышкан. Бирок буга күч түзүмдөрү мүмкүнчүлүк  берген эмес. Массалык башаламандыктарга жол берген жүздөн ашык жаран кармалып, анын төртөө камакка алынган. Ал эми УКМК тарабынан "Бийликти басып алууга аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, митингдин уюшутургандардын экөөсү кармалган. Эксперттер тынчтык митингинин мындай башаламандык менен уланышы Кыргызстанды көп жактан алсыратып коюушу мүмкүндүгүн айтышууда. 

Анткени, окуяны чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары өз өлкөлөрүнө ар кандай өңүттө таркатып жатат. Маселен, бул эл аралык мамилелелердин солгундашына, өлкөгө инвесторлордун жана туристтердин келишине чоң залакасын тийгизип коюушу мүмкүн дешет алар. Ошондой эле абактагы Жапаровду бошотуу максатын ультиматум катары пайдалануу бул жанылыштык деген айрым эксперттердин пикири да бар. 

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"