Жаңылыктар
Коронавирустан Ирандын дагы бир атка минери каза болду
Дүйнө
Коронавирустан Ирандын дагы бир атка минери каза болду

Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын маанилүү жолугушуусу күтүлүүдө.

Казакстанда аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлө турган иш-чараларга тыюу салынды.

Коронавирустун айынан Ирандын дагы бир атка минери каза болду.


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу 5-мартта болору айтылууда. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты. Ага ылайык, эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу 5-мартка белгиленген. Анда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бир күндүк иш сапары менен Россияга келери айтылууда. Эки өлкөнүн президенттери бул жолугушууда Идлибдеги кризис тууралуу сүйлөшүү жүргүзүшөт.Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песковдун пикири боюнча, бул эки тараптуу жолугушуу олуттуу экендигин билдирген.Белгилей кетсек, Идлибдеги абал январдын аягындагы согушкерлердин чабуулунан кийин курчуй баштаган. Февраль айынын башында Дамасктагы согушкерлердин аракеттерине каршы Сириянын чабуулдарында түркиялык бир канча аскер кызматкерлери каза болгону маалым болгон.


Нур-Султан шаарында 8-мартка арналган майрамдык иш-чара өткөрүлбөйт. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.8-мартта Нур-Султан шаарында майрамга карата салтанаттуу отурум жана концерт уюштурулмак. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев майрамдык иш-чара коронавирустун дүйнө жүзүнө тарап жатканына байланыштуу коопсуздукту сактоо максатында болбой турганын өзүнүн Твиттер баракчасына жазган."Эл аралык айымдар күнүнө карата даярдалган иш-чараларды токтотуу чечимин кабыл алдым. Мындай чара коопсуздукту сактоо максатында колдонулуп жатат. Айымдарга бакыт, ден соолук жана аманчылык каалайм", - деген мамлекет башчы.Буга кошумча Казакстанда коронавирус аныкталып калса план "Б" иштелип чыкканы айтылат. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өзгөчө кырдаалга байланыштуу күчөтүү чараларынын 4-этабын киргизгени маалым болду.


Иран мамлекетинде коронавирус жуктуруп алган аткаминер Мохаммад Мирмохаммади каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жергиликтүү маалымат булактарына шилтеме берүү менен жазууда.Каза болгон аткаминер 72 жашта болгон. Ал 2-март күнү эртең менен Тегеран шаарындагы ооруканалардын биринде көз жумган.Буга чейин Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ираж Харирчи коронавирусту жуктуруп алган. Ал эми вирустун кесепетинен Ирандын Ватикандагы мурунку элчиси Хади Хосрошахи каза болгону маалымдалган.


Тажикстандын бийлиги 60ка чукул мамлекетте катталган корнавируска байланыштуу дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн келген жарандарды республиканын аймагына киргизбөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Тажикстандын жарандык авиация агенттигинин жетекчисинин орун басары Азиз Набизода жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген.Анын айтымында, бул иштердин баары калктын саламаттыгы жана коронавирустун алдын алуу үчүн жасалып жатат."35 өлкөнүн жарандарын авиакомпаниялар бортко кабыл албашы керек жана бул билдирүүнүн нускамасы менен туристтик компаниялар кабардар болду" деп ал журналисттерге маалымат берип жатып билдирген.Тажикстанга кире албай турган мамлекеттердин катарына – Кытай Эл Республикасы, Япония, Түштүк Корея, Вьетнам, Сингапур, Австралия, Малайзия, Камбожа, Филиппин, Таиланд, Непал, Шри-Ланка, Индия, Финляндия, Италия, Улуу Британия, Испания, Швеция, Бельгия, Израиль, Австрия, Хорватия, Швейцария, АКШ, Канада, Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Иран, Ливан, Кувейт, Бахрейн, Оман, Ооганстан, Ирак жана Алжир өлкөлөрү кирет.

Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”