Жаңылыктар
Философиялык жактан чечмеленген “Манас” эпосу тууралуу китеп жазылды
Маданият
Философиялык жактан чечмеленген “Манас” эпосу тууралуу китеп жазылды

Кыргызстанда алгачкы ирет философиялык жактан чечмеленген “Манас” эпосу тууралуу китеп жазылды. Философия жана саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жумагул Сааданбековдун "Манас" эпосунун философиясы” аттуу китеби Казакстандын ордо калаасы Нурсултан шаарында басылып чыкты. 

Анын бет ачаары автордун 80 жылдык мааракесине карата Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясында өттү. Талкууга Казакстандан, Өзбекстандан, Түркиядан жана Россиядан окумуштуулар келишкен.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"