Жаңылыктар
Туризм маселеси өкмөттө талкууланды
Туризм
Туризм маселеси өкмөттө талкууланды

Туристтик сезонду сентябрь айында расмий жабуунун кереги жок. Бул туурасында өкмөттүк жыйында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди. Өкмөт башчынын айтымында сезон жабылды деген маалыматты уккан дүйнөнүн булуң бурчундагы туристтер Кыргызстанга келүү пикиринен кайтышы мүмкүн. Өкмөттүк жыйында туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү боюнча дагы кандай маселелер айтылды.

Былтыркы жылы өлкөгө четтен 4 млн жаран кирип чыккан. Бул аркы жылга салыштырмалуу 290 миң адамга көп. Статистика боюнча алардын 10 пайызын туристтер түзүп, салыктан түшкөн каражат 106 млн сомго жеткен. Маданият жана маалымат министрлиги быйылкы сезонду да ийгиликтүү өткөрүү үчүн даярдыктар катуу жүрүп жатканын билдирет. Аны менен министр бул жылы өлкөнүн имиджи жогорулаганын белгиледи. 

Бирок премьер министр Сооронбай Жээнбеков, эл аралык уюмдар чыгарган жыйынтыктар Кыргызстанда туризм багытында аткарылып жаткан натыйжа иштер үчүн эмес, өлкөнүн табигый кооздугунан улам болуп жатканын айтты. 

Чындыгында туризм тармагында чечилбей жаткан көйгөйлөр толтура. Пансионаттар эмдигиче паспорттоштурула элек. Мындан сырткары багыт берүүчү белгилердин жоктугу, жолдун начардыгы жана туристтер үчүн убагында жетип келип жардам көрсөтө турган медициналык тейлөөнүн аксап жатканы айтылды. 

Серепчилер канча жылдан бери эле Кыргызстанда туризмди өнүктүрүп, андан түшкөн акча менен керек болсо өлкөнү багып коюуга потенциал бар деп айтып келишет. Бирок чындыгында туризмге жай мезгили жакындаганда гана көңүл бурулуп, ага чейин бул тармак уктап жаткандай. Андыктан өкмөт бүгүнкү жыйында ар бир облуста, туризмди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү тиешелүү министрликке тапшырды.