Жаңылыктар
Тамак-аш коопсуздугу
Ден соолук
Тамак-аш коопсуздугу

Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо туристтер сөзсүз Боом капчыгайында жайгашкан ашканалардан даам сызат. Өкүнүчтүүсү андагы айрым ашканалардагы тамактардан адамдардын ууланган фактылары ачыкка чыгууда. Биздин редакцияга ууланып ооруканага түшкөн жабырлануучунун туугандары бул маселени иликтеп берүүнү өтүнүп кайрылышты.

Алардын айтымында, Бишкек шаардык жугуштуу оорулар бейтапканасынын кызматкерлери жабырлануучунун анализинен стафилококк бактериясын табышып, тамак-аштан ууланганын айткан. Бирок, тамактануучу жайдын өкүлдөрү мындай дооматтарды четке кагууда. Кененирээк Самат Асипов айтып берет.

“Боом” капчыгайындагы кафелердин биринен 2 жаран тамактанып, андан уулангандыгы тууралуу маалымат жакында эле тарады. Алар тамактануучу жайдан беш бармак жеп, ошол түнү Бишкекке келип кыйналышканда, ооруканага кайрылган. Анализдин жыйынтыгында ашказанда микроб бар экени айтылган. Бул боюнча Талант Сооданбеков аттуу жаран журналисттерге кайрылуусун фейсбук баракчасына жарыялаган. 

Анда ал Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткарылганын, бирок тамактануучу жайдан дагы канча адам ууланганын билбестигин айткан. Мындан улам ооруканага кабарчыларды жиберүүнү өтүнгөн. Бирок Талант Сооданбеков менен кийинчерээк байланышууга мүмкүн болгон жок. 

Негизи жарандар ууланган күнү эле кафени санэпидстанциядагылар текшериши керек эле. Жарандын кайрылуусу колдон-колго өтүп отуруп, тамактануучу жай 5-6 күндөн кийин гана текшерилген. Бирок андагы жагдай зымга тизгендей эмес экени текшерүү учурунда билинген.

Кыскасы, медициналык кароодон толук өтпөгөн 10 киши жумуштан четтетилген. Кафенин кожоюнуна 5 миң сом айып салынып, жууп-тазалоо үчүн жабылды. 

Биз кафенин абалы менен таанышканы барганда тамактануучу жай иштебей, кызматкерлер жууп-тазалап жатканына күбө болдук. 

Анан да 3 кызматкердин ооз көңдөйүнөн стафилококк чыккан. Бул тамактанган кардарлардын саламаттыгына канчалык таасирин тийгизерин дарыгерлер айтып беришти. Анан да кафенин кожоюну уулангандар акча доолаганын айтат, бирок, муну экинчи тарап калпка чыгарып, мойнуна алган жок.