Бишкекте “Айыл-Агро-2016” - деп аталган эл аралык көргөзмө ачылды. Үч күнгө созула турган иш-чарага чет өлкөлүк заводдордун өкүлдөрү да чакырылган.
Махабат Абдилова трактор сатып алуу үчүн көргөзмөгө атайын Кочкор районунан келген. Себеби 20 жыл мурда райондогу Кара-Суу айылындагы кыз-келиндердин башын бириктирген дыйкан чарба түзгөн. Учурда жыл сайын чарбанын мүчөлөрү көбөйүп отуруп 100гө жакындап калды. Эми гектарлаган жерди иштетүүгө албетте техника керек.
Махабат Абдиловага окшогон дыйкандарга бүгүнкү иш чара майдай эле жакты. Анткени ар бир облустан келген дыйкандар, өзүлөрүнө керектүү техникалардын баарын бул жерден тапканга мүмкүнчүлүк бар экен. Айрымдары жактырган техникаларын накталай алып кетишсе, кээ бирлери тең акчасын төлөп, калганын акырындык менен төлөп турууга макулдашты.
Быйылкы көргөзмөгө 20 өлкөдөн 32 ишкана-заводдордун өкүлдөрү келип, өздөрүнүн айыл чарба техникаларын коюшту. Көргөзмө уюштурулган 4 жылдан аралыгында кыргыз дыйкандары 1700 техника сатып алууга үлгүргөн.
Ошондой эле көргөзмөдө минералдык жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү химиялык жана биологиялык жактан коргоочу заттар, ветеринардык дарылар жана мал чарбасына керектүү каражаттар, айыл чарбасындагы жаңы технологиялардын үлгүлөрү көрсөтүлдү.
Ал эми боз үйлөрдүн шаарчасында жети облустан өндүргөн азык-түлүктөр менен улуттук колоритти чагылдырган буюм-тайымдар коюлду. Аймактардын элдик маданий жетишкендиктери көрсөтүлүп, туристтик долбоорлорду түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча түрдүү долбоорлорду сунуштоого шарт түзүлүүдө.