Жаңылыктар
Өткөн жылы Тоң районунун эки айылы таза суу менен камсыз болду
Кыргызстан жаңылыктары
Өткөн жылы Тоң районунун эки айылы таза суу менен камсыз болду

2019-жылы Тоң районундагы эки айыл таза суу менен толук камсыз болду. Мындан сырткары райондун борбору Бөкөнбаев айылында таза суу долбоорунун биринчи бөлүгү ишке ашып, жалпы сегиз чакырым жерден суу түтүктөрү тартылып келүүдө. Мындан сырткары дагы бир нече айылдарда таза суу долбоору колго алынат. Мамлекет бул багытта 73 миллион сом бөлүүдө.

Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылы облус аймагындагы эң чоң айылдардын катарына кирет. Мында болжол менен он беш миңге жакын калк жашап, таза суу маселеси жылдан жылга оорлоп баратат. Калктын санынын өсүүсү жана таза суу тутумунун эскириши адистерди, айыл тургундарын түйшүккө салууда.

Биринчи баскычта Кызы-Ууч участогунан отуз беш гектар жердин 25 гектары корулат. Антени ал жерден суу келет. Мындан сырткары эки резервуар салынат жана кайтаруучуга үй салынат. Башталган иш айыл үчүн эле эмес, район үчүн ири, жакшы долбоор болууда. Анткени канча жылдан бери чечилбей келген маселе чечилип баштады.)
2019-жылы Тоң району боюнча эки айылда таза суу маселеси чечилген. Быйыл Ала-Баш, Дөң-Талаа, Бар-Булак айылдарындагы таза суу тутуму донор уюмдардын жардамы менен жасалат.