Жаңылыктар
Кыргызстан-Россия: эриш-аркак жылы эки өлкөнүн алакасын арттырат
Саясат
Кыргызстан-Россия: эриш-аркак жылы эки өлкөнүн алакасын арттырат

Быйыл жарыяланган Кыргызстан менен Россия Федерациясынын эриш-аркак жылы эки өлкөнүн алакасын арттырууга чоң өбөлгө болду. Москвада анын ачылыш салтанаты эң жогорку деңгээлде өтүп, учурда канаатташ жылга карата алдыда өткөрүлө турган иш-чараларга кызуу даярдыктар көрүлүүдө.

Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын ачылыш аземине арналган иш-чара өз максатына жетти. Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Увдовиченко эки өлкөнүн маданият министрликтери концерттик программаны эң жогорку деңгээлде уюштуруп, маданий алаканы арттырууга чоң салым кошконун белгиледи. Алты миң адамды батырган Кремль Сарайынын залы, эки өлкөнүн чебер артисттери, түрдүү жанрдагы чыгармалардын аткарылганы концертти ого бетер көркөмдөдү.

Кыргыз-орус канаатташ жылында бир гана маданий эмес, социалдык экономикалык, саясий өңүттөгү кызматташтыкка багытталган бир катар иш-чаралар өтөт. Анын ичинде аймактар аралык, инвестициялык форумдар, ишкерлердин жолугушуулары жана өкмөт аралык жыйындар бар. Ар бир тармак боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда буга чейин эле тыгыз кызматташтык алакасы бар. Серепчилер канаатташ жылында ага кошумча дем берип, алаканы арттырууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилешет.