Жаңылыктар
Эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү электрондук форматта өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү электрондук форматта өтөт

Ушул жылдын 25-мартынан 1-апрелине чейинки аралыкта жалпы республика аймагында эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү өтөт. Бул жолку каттоонун өзгөчөлүгү электрондук форматта жүрөт. Адистер заманбап технолгияларды колдонуп, болушунча жеткиликтүү жана так маалыматты жыйнаганы жатышат. Эл каттоо өнөктүгүнө болжол менен 25 миңге жакын кошумча адамдар тартылат. Алар негизинен жаштар, жогорку окуу жайларынын студенттери болмокчу.

Бул жолку эл каттоодо өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны менен жашоо-шартын так аныктоого маани берилип жатат. Анткени бара-бара өкмөт аларга кам көрүү ишин жакшыртат. Чет өлкөгө кеткен мигранттардын саны, тышка кетүү себеби да орчундуу орунда. Жумушсуздардын учурдагы так санын аныктоо да маанилүү.

Негизи мындай эл каттоо өнөктүгү ар бир 10 жыл сайын өтүп келет. Буга чейин 99чу жана 2009-жылы өткөн. Сурамжылоодон алынган каражаттар атайын маалыматтык базада сакталып, өкмөткө элге кам көрүү иш-чараларын жакшыртканга, бара-бара коомчулукка пайдасы тийгидей мыйзамдарды иштеп чыкканга жардам берет. Негизи эл каттоо учурунда алдамчылар менен ууру-кескилер да баш көтөрөт. Сак болуш үчүн сурамжылап келген адамдын документин текшерип, эгерде кандайдыр бир күмөн-шек жаралса ошол жерден интернет аркылуу штрих-код менен текшерсе болот.