Жаңылыктар
Нарын районунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча рейд өттү
Аймак
Нарын районунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча рейд өттү

Нарын району боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан атайын рейд уюштурулду. Анда жол эрежесин сактоо жана кырсыктардын алдын алуу боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Ар бир айыл өкмөт ички көчөлөргө жол белгилерин орнотууга милдеттендирилди. Айрым айылдарда эч кандай жол белгилери жок экени ачыкталып, аларга отуз күндүн ичинде кемчиликтерди жоюу иши тапшырылды. Муну менен катар жол сакчылары окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүп, ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырды.