Жаңылыктар
Украинанын парламенти өкмөт башчылыкка Денис Шмыгалды дайындады
Дүйнө
Украинанын парламенти өкмөт башчылыкка Денис Шмыгалды дайындады

Украинанын парламенти кезексиз жыйынында өкмөт башчылыкка Денис Шмыгалды дайындады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берип жазды. Буга чейин анын талапкерлигин президент Владимир Зеленский көрсөткөн. Өкмөт башына келиш үчүн ал бери дегенде 226 добуш алышы керек болчу, бирок аны 291 парламентарий колдоду.

Денис Шмыгаль 45 жашта. Кесиби боюнча экономист. 2019-жылдын августунан 2020-жылдын февраль айына чейин Ивано-Франковск облустук администрациясын жетектеген. Февралдан бери вице-премьер-министр кызматын аркалап келе жаткан. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Алексей Гончарук өз каалоосу менен отставкага кеткен.