Жаңылыктар
А.Атамбаев жөлөк пулдарды чегерүү боюнча өкмөттүн сунушун четке какты
Кыргызстан жаңылыктары
А.Атамбаев жөлөк пулдарды чегерүү боюнча өкмөттүн сунушун четке какты

Президент Алмазбек Атамбаев жөлөк пулдарды чегерүү боюнча өкмөттүн сунушун четке какты. Бейөкмөт уюмдардын кайрылуусун колдогон өлкө башчы “Мамлекеттик жөлөк пулдар” жөнүндөгү мыйзамга карата каршы пикирин Жогорку Кеңешке жөнөттү. 

Буга чейин өкмөт сунуштап, Жогорку Кеңеш кабыл алган жөлөк пулдар боюнча маселе, тилекке каршы талапка жооп бербей турганы билинди. Президенттин пикиринде: "Жарандык коом бул маселе боюнча туура сын айтууда. Жөлөк пулдарды берүүдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдары бар үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын өкмөт эске албаптыр. Жөлөк пулга болгон муктаждыкты аныктоодо - үй бүлөнүн материалдык абалы, жаш курагы жана эмгекке жарамдуулугу каралышы керек болчу" -деди. Бул талаптар сакталбагандыктан мыйзам Жогорку Кеңешке кайра кайтарылды.