Жаңылыктар
Эки өлкөнүн достугун арттырган иш-чара жаш комузчуларды таасирлентти
Маданият
Эки өлкөнүн достугун арттырган иш-чара жаш комузчуларды таасирлентти

Кыргызстан менен Россиянын кызматтыштыгын, достук алакасын арттыруу максатында өткөн эриш-аркак жылына жергебизден 200дөн ашык искусство чеберлери барып келди. Алардын арасында ырчы, бийчилер жана комузчулар бар. Өнөрпоздор бул сапардан өзгөчө таасирлер менен кайтып келишти.

Кыргыздын үч кыл комузун күүгө келтирип, мыкты черткен Сайкал Абылкасымова “Акак” ансамблинин комузчусу. Өнөрүнүн өркүндөшүнө устаты Ирина Сүйөркулованын эмгеги зор экендигин айтат. Эжейинин жардамы менен ой-максаттары орундалып кыргыздын комузун дүйнөгө таанытып жатканына кубанат.

Эки өлкөнүн достугун арттыруу максатында өткөн иш-чаранын ачылыш салтанатында дал ушул Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсү чертилди. Көрүүчүлөргө эргүү тартуулаган чебер комузчулардын арасында болгондуктарына “Акак” комузчулар ансамблинин кенже курактагы комузчулары сыймыктанышууда.