Жаңылыктар
Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин УКМКнын тергөө жайына камалды
Кырсык
Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин УКМКнын тергөө жайына камалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө жайына камалды. 

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды. Эске салсак, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан. Акция саат 13:00дөн 17:00гө чейин улана тургандыгы айтылган. Бирок, кечки саат беште акциянын катышуучулары тарабай, чогулгандардын бир тобу Ак үйдү көздөй барышкан. Милиция чогулгандарды тараткан.