Жаңылыктар
Өлкөдө боло турган шайлоолорго даярдыктар талкууланды
Шайлоо 2023
Өлкөдө боло турган шайлоолорго даярдыктар талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. 

Өлкөнүн парламентинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктардын жүрүшү талкууланды. Мамлекет башчы шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоонун жүрүшүнүн толук ачык-айкындуулугун, шайлоо кампаниясына бардык саясий партиялардын катышуусун жана аларга бирдей шарттарды түзүүнү камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Жээнбеков жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун алдында айрым шаарларда жарандарды массалык каттоо боюнча жакында болгон окуяны эске салып, шайлоо процессинин айрым субъектилеринин мындай кадамдарына тынчсыздануусун билдирди. 

Буга карата тиешелүү мамлекеттик органдардын ыкчам реакциясын канааттануу менен белгиледи. БШК ар дайым мындай фактыларга өз убагында жооп берип, ал эми укук коргоо органдары тиешелүү баасын бериши керектигин айтты.Президент алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо мамлекеттик органдардын парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдыгы кандай экенин текшерүү болуп саналаарын белгиледи. Буга байланыштуу алардын толук ачык-айкындуулугун камсыздоо зарылдыгына дагы бир жолу токтолду. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө бардык даярдык иш-чаралары өлкө мыйзамдарына ылайык өтүп жатканын билдирди.