Жаңылыктар
Адабияттагы жаңы ысымдар
Маданият
Адабияттагы жаңы ысымдар

"Жаңы ысымдар, жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу аңгемелер сынагынын 2- айлампасынын жыйынтыгы чыгарылды. Негизги уюштуруучу Кылычбек Исамамбетовдун айтымында, ай сайын өтүп турган сынактын бир жылдык каржысы 2 миллион сом.

Адабиятчылардын пикиринде, мындай сынактар аңгеме жанрын кайра жандантканга салым кошот. Жобо боюнча аңгемелердин автору аталбайт, атайын берилген номур аркылуу бааланып, тандалат. Калыстар тобу тарабынан өзүнчө, адабий клубдун Фейсбуктагы баракчасындагы окурмандар тарабынан өзүнчө жеңүүчү деп табылган чыгармалар бүгүн акчалай сыйлыкка ээ болду.

Калыстар тобу тарабынан “Гаргарчи” аңгемеси жеңүүчү деп табылса, интернеттеги окурмандардын сынынан “Иззудин” аттуу аңгеме көпчүлүктүн купулуна толгон. 1-орунга диплом менен 30 миң сом, экинчи орунга 20 миң сом каралган. Мындан сырткары, "Калемгер" адабий клубу тарабынан жөнөкөй окурмандарга да “Жигердүү окурман” аталышындагы сыйлыктар тапшырылды.