Жаңылыктар
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыя берүү үчүн банктардын тизмесин көбөйтүүдө
Экономика
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыя берүү үчүн банктардын тизмесин көбөйтүүдө

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду коммерциялык банктар аркылуу насыя берүү үчүн банктардын тизмесин көбөйтүүдө. Бүгүн дагы кыргыз-орус өнүктүрүү фонду “БТА Банк” жана “Кыргызстан” банктары менен насыя келишимине кол койду. 

Насыялар өлкөнүн орто жана чакан бизнесин колдоо үчүн берилет. Бул жолу кыргыз-орус өнүктүрүү фонду - “Кыргызстан” банкына 7,5 миллион доллар, ал эми “БТА Банкка” 6 миллион доллар бөлдү. Фонддун насыясын берүү учурунда коммерциялык банктар өздөрүнүн үстөк пайыздарын кошууга укуктары жок. Бул насыялардын жылдык үстөгү 5 пайызды түзөт. Ал эми төлөө мөөнөтү 5 жылга чейин. 

Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстанда чакан жана орто бизнести колдоо үчүн Айыл банк, РСК банк жана КISB банкы аркылуу дагы насыя берүү келишимине кол койгон болчу.