Жаңылыктар
Кой-Таш окуясы боюнча сот иши. Жактоочулардын өтүнүчтөрү каралды
Кырсык
Кой-Таш  окуясы боюнча сот иши. Жактоочулардын өтүнүчтөрү каралды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуяларга байланыштуу сот иши боюнча алдын ала угуулар улантылды. Бүгүнкү алдын ала угууда жактоочу тараптан келтирилген өтүнүчтөр каралды. Алардын бири судьядан баш тартуу жөнүндө өтүнүч болду жана ал негизсиз деп табылып, канааттандырылган жок. 

Кошумчалай кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталуучулар катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков парламент депутаттары Ирина КарАмушкина менен Асель Кодуранова. Ошондой эле партиянын мүчөлөрү жана Атамбаевдин тарапташтары болуп саналган Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Карыпбек уулу Рыспек, Марат Шаманов, Капарбек уулу Нооруз жана Асангелди Какебаев айыпталуучу катары өтүүдө. Аларга Кылмыш кодексинин 10 беренеси менен айып тагылууда. Алардын көбү оор кылмыштар.

“Сот кечээ келтирилген өтүнүчтөр боюнча далилдерди чыгаруу боюнча чечимин айтып берди. Жакта тарабынан кыскартуу жөнүндө бир айыпкерге карата өтүнүчтөр келтирилген болчу. Ал дагы четке кагылды. Сот арачылар боюнча да өтүнүчтөр келтирилген букл мывйзам бизде Жактоо тарабынан сотту иштен чыгаруу ал дагы сот тарабынан негизсиз деп табылды",- деди айыптоочулардын тобунун жетекчиси Темирбек Бекмаматов.

Иштөө убактысы аяктаганына байланыштуу, алдын ала угуу 2020-жылдын 6-март күнүнө саат 10:00гө чейин тыныгуу жарыяланды. Эскерте кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 275-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, алдын ала угуу тараптардын катышуусу менен жабык сот отурумунда судья тарабынан жүргүзүлөт.” Эскерте кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 275-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, алдын ала угуу тараптардын катышуусу менен жабык сот отурумунда судья тарабынан жүргүзүлөт.” жабык сот отурумунда судья тарабынан жүргүзүлөт”,- деп билдирди Биринчи май райондук сотунун өкүлү Дастан Усубалиев.