Жаңылыктар
Өнөр жайды өнүктүрүү-өкмөттүн негизги багыты
Экономика
Өнөр жайды өнүктүрүү-өкмөттүн негизги багыты

Өнөр жайды өнүктүрүү-өкмөттүн негизги багыттарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди. Кеңешмеде  кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу жыйынтыгы талкууланып, тармакта абал ич жылытаарлык эместиги белгиленди. Мындан сырткары Кытай тарап Кыргызстанда 40тан ашуун экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыктарлыгы дагы айтылды.

Көптөгөн өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жаткан өнөр жай аймактары бар экенин мисал келтирген  премьер-министр  Сооронбай Жээнбеков, тармакта абалды жакшыртуу өкмөттүн башкы максаттарынын бири-экенине токтолду. Алды менен өлкөдө ички жана сырткы инвесторлорго тиешелүү денгээлде шарттар түзүлбөй жатканын белгилеген өкмөт башчы, көптөгөн инвесторлор өндүрүш кубаттуулуктарын куруу үчүн жер алууда мамлекеттик органдар тарабынан бюрократиялык тоскоолуктарга туш болуп, өлкөдөн чыгып кетип жатканына токтолду.

Талкуу жыйынтыгы боюнча өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков өнөр жайды өнүктүрүүгө жана аталган тармакка узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.Алардын катарын жогоруда айтылгандай 2016-жылдын 1-августуна дейре токтоп турган бардык өнөр жай ишканалары талданып чыгып, конкреттүү сунуштарды киргизүү болду.

М.Абдраманова, “Биринчи  радио”