Жаңылыктар
Кыргызстанга ЕЭКтин Коллегия мүчөсү Г.Варданян келди
Экономика
Кыргызстанга ЕЭКтин Коллегия мүчөсү Г.Варданян келди

Баш калаага Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия мүчөсү Гегем Варданян келди. Жумушчу иш сапардын жүрүшүндө Экономика министрлигинде кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташып өтүүдө жаралып жаткан кырдаал талкууланды.

Белгилей кетсек, 1 жылга чукул убакыттан бери Кыргызстандын ишкерлери Казакстан аркылуу ар кандай тоскоолдуктардан улам жүк алып өтө албай, “Ак-Тилек” авто жол өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болуп келет.

Бул маселени Кыргызстан 3- мартта Дүйнөлүк соода уюмунун башкы кеңешинде да көтөрдү.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"