Жаңылыктар
Россия-Түркия: Сириядагы жаңжалды тынч жол менен жөнгө салуу макулдашылды
Дүйнө
Россия-Түркия: Сириядагы жаңжалды тынч жол менен жөнгө салуу макулдашылды

Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириядагы куралдуу жаңжалды тынч жол менен жөнгө салууну караган документти макулдашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунан кийин президент Владимир Путин билдирди. Ал Москва менен Анкара Сириядагы абал тууралуу маалымат алмашып турарын айтты. 

Ошондой эле, Идлибдеги кырдаал “орус-түрк мамилесине залакасын тийгизбөөсүн” алдын алууну сунуш кылган. Ал Сирияда курман болгон аскерлердин жакындарына көңүл айтып, сириялык армия аларга атайылап сокку урбаганын белгиледи. Ал эми Режеп Тайып Эрдоган сүйлөшүүдө “Идлибдеги кырдаалды жеңилдетерин” белгиледи.