Жаңылыктар
«Спорттук наамдар тууралуу маалыматты берүү» базасы иштелип чыкты
Спорт
«Спорттук наамдар тууралуу маалыматты берүү» базасы иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын ичинде аткарган ишинин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата иш планынын негизги батыттары боюнча маалымат жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалымат жыйынга Мамагенттиктин директорунун орун басарлары Мирлан Парханов жана Канатбек Арпачиев катышты.

«Спорт тармагында акыркы 3 жылдын ичинде өсүүлөр бар, айрыкча 2019-жыл спорт коомчулук үчүн, кыргыз эли үчүн абдан жемиштүү жыл болду. Жыл ичинде кыргыз спортчулары 1306 медалга ээ болушту, анын ичинен 442 алтын медаль, 367 күмүш медаль жана 497 коло медаль. Андан тышкары Кыргызстан ичинде 1860 массалык спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Отчеттук мезгилде Мамагенттик тарабынан 214 спортчуга стипендия түрүндө 36 миллион 200 миң сом төлөнүп берилди. 2019-жылы 5 спортчубуз Олимпиада оюндарына жолдомо алышты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 5 лицензия бар. Биздин план боюнча Олимпиада оюндарына спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алышыбыз керек. Паралимпиада оюндарына 3 лицензияны алууга максат койгонбуз», - деди К. Арпачиев.

Дене тарбия жана спорт чөйрөсүнөн тышкары Канатбек Арпачиев санариптештирүүдөгү жетишкендиктер жөнүндө айтып кетти. «Бүгүнкү күндө Мамагенттик тарабынан «Спорттук наамдар тууралуу маалыматты берүү» базасы жана күбөлүктөрдүн дубликаттарын чыгарып берүү боюнча электрондук кызмат иштеп чыгарылды. 2020-жылы ата-мекендик спорчулардын алдыда турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына даярдануу жана катышуусуна өзгөчө маани берилет. Кыргыз спортчулары Олимп оюндарында ийгиликке жетүүсү үчүн бардык шарттар түзүлүп жатат», - белгилеп кетти өз сөзүндө К.Арпачиев.