Жаңылыктар
М.Парханов: 2019-жыл жаштар саясаты үчүн жемиштүү жылдардан болду
Кыргызстан жаңылыктары
М.Парханов: 2019-жыл жаштар саясаты үчүн жемиштүү жылдардан болду

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылда аткарган ишинин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата пландары боюнча маалымат жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалымат жыйынга Мамагенттиктин директорунун орун басарлары Мирлан Парханов жана Канатбек Арпачиев катышышты.

Мирлан Парханов өлкөнүн жаштар саясатынын ишке ашырылышы жана бул тармактагы пландар тууралуу айтып берди: «2019-жыл жаштар саясаты үчүн жемиштүү жылдардан болду. «2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясы бекитилди. Бул эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу кабыл алынган, бүгүнкү жаштардын бардык багыттарын, актуалдуу маселелерин жана көйгөйлөрүн камтыган масштабдуу концепциялык документ. Ошондой эле, 2019-жылдын ичинде Кыргызстандын бардык аймактарында жаштардын уюмдары, коомдук бирикмелердин жана жарандык коомдун катышуусу менен 1000ден ашуун иш-чаралар өткөрүлдү».

Мындан тышкары, директордун орун басарынын айтымында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында нормативдик-укуктук актыларды адаптациялоо боюнча иш жүргүзүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, атап айтсак айыл өкмөттөрдүн кызматкерлеринин дараметин жогорулатууга басым жасалган. Бул биринчи ирээт Кыргызстандын жаштарынын көбү айыл жергелеринде жашаганына байланыштуу болгон. 2020-жылы бул максаттарды көздөп, шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери курсттардан өтүп, жаштардын маселелери менен иштей ала турган эркин портал – онлайн окутуу боюнча сынактык долбоор ишке берилет.

Мирлан Парханов Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, ыктыярчылар согуштун ардагерлерине бир гана 9-май күнү эмес, жыл ичинде жардам берип тураарын белгилеп өттү.
2020-жылы шаарлардын мэрияларын жаштар менен тыгыз иштөөгө кызыктырууга өбөлгө болгон эл аралык маанилүү демилге – «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын жыйынтыгын чыгаруу пландалып жатат. Бул демилгенин алкагында Мамагенттиктин жетишкендиги болуп 18 «өсүү түйүндөрү» деп белгиленген шаарларда мэриялардын алдында айланасында жаштардын эң активдүү бөлүгүн чогулткан Консультативдик жаштар иштери боюнча кеңештердин түзүлүшү эсептелет.
Аны менен бирге бул жылы жер-жерлерде жаштардын дараметин өнүктүрүү үчүн 10 пилоттук муниципалитеттерде жаштар борборун ачуу долбоорун аяктоо пландалган. Долбоор боюнча иштер 2019-жылы башталган.

«2020-жылы бир катар башка ири эл аралык жана республикалык иш чараларды өткөрүү пландалган. Бирок коронавирустун дүйнөгө жайылышы менен байланыштуу алардын өткөрүү мөөнөтү өзгөртүлөт. 26-мартта өтө турган Жаштар уюмдарынын фестивалынын өткөрүү мөөнөтү кийинкиге жылдырылды», – деп кошумчалады Мирлан Парханов.