Кыргызстандын жарандарына Казакстанга ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 8-марттан тартып кыргызстандыктар мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтө алышпайт. Казакстандын өкмөтү дүйнөгө тарап жаткан коронавирустан кыргызстандык жарандарга жалпы жарандык паспорт менен чек араны өтүүгө тыюу салуу боюнча нота жиберген.
"5-мартта Казакстандан Кыргызстанга нота келген. Кыргыз жарандарына ички паспорт менен кирүүгө убактылуу чектөө киргизүү боюнча. Бир гана чет өлкөгө чыга турган паспорт менен чыгууга болот. Бул дүйнөгө тарап жаткан коронавируска байланыштуу убактылуу тыюу салынган",- деди Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин жетекчиси Уланбек Дыйканбаев.